Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көндүм болуу, көнүмүш адаттай болуп калуу, эч сезилбөө. Дөгүрсүгөн манаптардан мындай сөздү мурда да эшитип бышы кулак болгон Тыныбек тырчыган жок (Бейшеналиев). Сүйгөн жарынын ач айкырыгына баштатан бышы кулак болуп бүтүп калганбы, деги өйдө карабады (Касымбеков). Күйөө баласынын мындай орунсуз сөздөрүнө ал бышы кулак болуп калган (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көп ирет уга берип көндүм болуп калуу (мис. жемени, тилди), айтылган кепке чычалабай же анчалык маани бербей кайдыгер болуп калуу, тоотпой калуу. Дөгүрсүгөн манаптардан мындай сөздү мурда да эшитип бышы кулак болгон Тыныбек тырчыган жок (Бейшеналиев). Күйөө баласынын мындай орунсуз сөздөрүнө ал бышы кулак болуп калган (Айтматов). Жарынын ач айкырыгына баштатан бышы кулак болуп бүтүп калганбы, деги өйдө карабады (Касымбеков). Жедеп бышы кулак болгон Андрей камырабайт (Сасыкбаев).